Текст песни
Нуриса Абазова - Жылдыз курак
Айыл түн ай бир биз үчүн керектей
Ал кезде кайда шынарлашып теректей
Айлуу түндө айыл көркү биз болчук
Азыр күндөр андай кызык эместей
Наристенин күлкүсүндөй
Булагындай жылганын
Көркү айыл түнкүсүндөй
Кайда жаштык жылдарым?
Кайда жаштык жылдарым?
Теңир бизге баркын билбес күмөн деп
Ал күндөрүм койгон белем үнөмдөп
Билбесек да сүйүү эмне экенин
Күндөр кайда кат жазышкан сүйөм деп