Текст песни
Кечирбеймин сени жек көрөм
Карегимден жаштар акса да
Жүрөгүмдөн сени өчүрөм
Таңдар эми сенсиз атса да
Кечир дейсин гүлүм сен мени
Кечиреби жүрөк мендеги
Сезимдерим соолуп калганын
Муздак журөк билсе сендеги
П-В
Кечирбеймин сени жек көрөм
Сезимимди булгаганына
Сүйө албайм сени жек көрөм
Махабатым урдаганына
Кучагына байлык жеттиби?
Кайрылып же ал да кеттиби?
Кордолсо да арсыз жүрөгүң
Кечирбеймин келбе сен эми